• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Victory Cup 2024: Кыргызстандын күрөш курама командасы 18 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын спорттук күрөш (U-17) боюнча (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) өспүрүмдөр курама командасы Анталия шаарында өткөн Victory Cup 2024 эл аралык мелдешинде 18 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен төртөө алтын, үчөө күмүш жана 11и коло медпль.

Эркин күрөш боюнча Садыр Кайыпбеков (45 кг) жана Асан Өмүрбек уулу (60 кг) алтын медалга ээ болушту. Ошондой эле Жакшылык Боробаев(48 кг), Курсанбек Исаков (55 кг), Айбек Эралиев (60 кг), Марлен Абдраимов (51 кг) жана Адыл Табылдыев (71 кг) 3-орунду ээлешти.

Грек-рим күрөшү боюнча 51 кг чейинки салмакта катышкан Нурмухамед Карагулов жана 48 кг чейинки салмак категориясында Марлен Абдысаматов күмүш медалга ээ болушту. 48 кг чейинки салмакта Ислам Темирбеков жана 71 кг чейинки салмак категориясында Акылбек Элжан уулу 3-орунду ээлешти.

Ошондой эле кыз-келиндер арасында Айжаркын Жаныбекова (73 кг) жана Акылай Чыныбаева (57 кг) алтын медалга ээ болушту.

57 кг чейинки салмакта Азиза Шумкарова күмүш медалга ээ болду.

Айдеми Асанказиева (46 кг), Асел Токтосун кызы (43 кг), Асел Жапарова (65 кг) жана Меруерт Октябрева (69 кг) 3-орунду ээлешти.

Пикир

Оставить комментарий