• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 15 өлкөнүн жөө күлүктөрү катышкан жарым марафон өттү

Спорт 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Бишкекте XXII Олимпиада оюндарынын марафондук чуркоо боюнча коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган жарым марафон өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, марафонго Кыргызстан, Беларусь, Азербайжан, Германия, Италия, Россия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Украина, Өзбекстан, Канада, Греция, Чехия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн 1 миң 500дөн ашык жөө күлүк катышты.

Жарыштын катышуучулары 21,1 чакырым, 10 чакырым (чуркоо жана басуу) жана 3 чакырым аралыкты басып өтүштү. Ошондой эле балдар үчүн 1 чакырымдык жол уюштурулуп, алар ата-энеси менен бирге чуркады.

Бардык катышуучулар жана күйөрмандар үчүн артисттер менен музыканттардын катышуусунда бай шоу-программа уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү тарабынан түрдүү сынактар өткөрүлдү. Маршрут боюнча бардык күлүктөр үчүн ичүүчү таза суу менен тамактануу пункттары да уюштурулган.

Белгилей кетсек, жарым марафон Бишкек мэриясы, КР Жеңил атлетика федерациясы, «Эл аралык марафондун дирекциясы» коомдук бирикмеси жана мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулду.

Спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча 21,1 жана 10 чакырым аралыкта жеңүүчүлөр атайын медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий