• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан АКШдан визанын айрым категорияларынын мөөнөтүн узартууну суранат

Саясат 0

Бишкек, 23.09.07. /Кабар/. Кыргызстан АКШдан визанын айрым категорияларынын, анын ичинде окуу визаларынын мөөнөтүн узартууну суранат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР жарандарынын чет өлкөгө баруу шарттарын жакшыртуу иштеринин алкагында КР Тышкы иштер министрлиги америка тарабы менен өз ара негизде айрым категориядагы, анын ичинде окуу категориядагы визалардын мөөнөттөрүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгеледи.

"Америка тарабы менен макулдашуулар жетишилгенде расмий маалымат жарыяланат. Ошону менен бирге КР жарандарынын АКШга кирүү жана анын аймагында жүрүү эрежелерин сактоосу визаларды тариздөө тартибин жеңилдетүү боюнча макулдашууларга жетүүгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий