• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда коомдук транспорт айдоочуларына 150 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда "Коомдук транспорт" аталышында рейд жүрүп, коомдук тарспорт айдоочуларына 150 миң сом салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд ЖКККББнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унаалардын техникалык абалын текшерүү максатында жүргүзүлгөн.

Рейддин жүрүшүндө коомдук транспорттордун жалпы техникалык абалы, санитардык талаптардын сакталышы, ошондой эле айдоочулардын жол эрежелеринин толук кандуу сакташуусун текшерип, техникалык бузуулары бар авто унаалардын айдоочуларына, техникалык абалы оң абалда эмес маршртуук унааларды каттамга чыгарган механиктерине, жана башка аныкталган жол эрежелерин бузуулары үчүн, жалпысынан 150 миңден ашуун айып салышты.

ЖКККББнын кызматкерлери унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.

Пикир

Оставить комментарий