• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Коопсуз шаардын” алкагында Бишкекте жол чырактарга кошумча секциялар орнотулат

Коом 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Бишкек мэриясында жумушчу отурум өтүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында шаардын жол кесилиштеринде унаалардын жүрүшүн уюштуруу маселеси талкууланган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, долбоор иштеп баштаган күндөн тарта, көчөдө бир топ тоскоолдуктар жаралган: айдоочулардын жол эрежелерин сактагандыгына байланыштуу кээ бир кесилиштерде жол тыгындары көбөйүп, адамдар жумушка кечигүүдө. Тыгындар узак жана узун болууда.

Отурумдун жыйынтыгында, Бишкек шаарынын автоинспекциясы, “ВЕГА” компаниясы, “Бишкекасфальтсервис”, “Атайылашкан монтаждык –эксплуатациялык башкармалыгы” МИсы менен биргеликте көйгөйлөрдү жеринен көрүү, кошумча белгилерди жана жол чырактарга кошумча секцияларды орнотуу максатында көчмө отурум өткөрүлөт.

Кошумча белгилер кийинки кесилиштерде орнотулат:

- 7-Апрель жана Горький көч. (түндүктөн түштүктү карай бара жатканда солго бурулган бурулушка кошумча секция)

-Курманжан-Датка жана Чүй пр. (жол чырактарды жылдырып, алардын кошумча секциясынын убактысын көбөйтүү)

- Чүй пр. жана Фучик көч (батыштан чыгышты карай бара жатканда экинчи кесилиштен солго бурулуу).

Ошондой эле шаардык муниципалитет шаар тургундарын, эксперттерди жана айдоочуларды Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварында жайгашкан жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөктөрүнө байланыштуу абалды талкулоого чакырат. Тактап айтканда, автоинспекциянын берген тапшырмасына жараша кесилиштин бул тилкесинде өтмөктөр коюлган. Бирок “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке кириши менен кесилиштин так ушул тилкесинде чоң тыгын байкалууда. Баардык тараптадын купулуна толо турган чечим бар – бул өтмөктү алып салуу. Бирок бул сунушту шаар тургундары менен биргеликте талкуулоо керек.

Сунуштарды pressa@meria.kg дарегине жана 0553 013 777 (WhatsApp тиркемеси аркылуу) номерине жиберүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий