• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Дастан” ишканасы жанданат

Коом 0

Бишкек, 8-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. ЖККУнун мамлекеттер аралык аскерий-экономикалык комиссиясы “Дастан” ишканасынын ишин жандантууну көздөп жатат. Бул тууралуу ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерий-экономикалык кызматташтыгынын 15-жыйынында Россиянын Аскерий-өнөр-жай комиссиясынын төрагасынын орун басары Олег Бочкарев билдирди.

“Кыска мөөнөттүн ичинде биз бардык өндүрүштөрдүн иши менен тааныша алган жокбуз. Бирок, “Дастан” ишканасы менен тааныштык, ал биздин жумуштун катышуучусу болду. Жыйынтыгында, биз ал жакта конкреттүү пландарды түздүк”,- деди Бочкарев.

Анын айтымында,радиоэлектрондук өнөр жайда колдонуучу жабдыктарды чыгарган АК “Нур” ишканасы менен иштешүү мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат. “Аларга суроо-талап жогору, бул советтик жана россиялык радио өнөр жайынын салттуу продукциялары”, - деди ал.

Бочкарев маалымдагандай, августта Кыргызстандагы башка токтоп турган ишканаларды кыдырып, кийинки жыйында аларды ишке киргизүү боюнча план сунушташат.

Пикир

Оставить комментарий