• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунун башчысы айыл өкмөттөрдүн ишин жеринде текшерүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.03.24. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов айыл өкмөттөрдүн ишин жеринде текшерүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Бул ирет облус башчысы Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен жолугуп, жыйын өткөрдү.

Жыйында кызматкерге жергиликтүү маселелерди чечүүдө уюштуруучулук менен иш алып баруу, эл менен тыгыз байланышта болуп, көйгөйлөрдү жеринде чечүү, алдыга коюлган план-тапшырмаларды жоопкерчилик, тартип менен аткаруу багытында тапшырмаларды берди.

Айыл өкмөттөрүнүн ишмердүүлүгүн жеринде текшерүү иши башка аймактарда дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий