• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарындагы сейил бакка ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү тигилди

Аймак 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-мартта КР президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгына ылайык республиканын бардык аймактарында бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу өнөктүгү башталды.

КР президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, акцияга Нарын облусу жигердүү катышты.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында Нарын облусунун башчысы Сабыркул Ашимбаевдин катышуусунда Нарын шаарындагы С.Жакыпов атындагы смарт сейил багына ийне жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрү тигилди.

Мындай иш-чаралар облустун бардык райондорунда өткөрүлүүдө.

Нарын облусунда ыйгарым укуктуу өкүл С.Ашимбаевдин буйругу менен КР президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” жарлыгын аткарууга алуу жана Нарын облусунун калктуу конуштарынын инфраструктурасын, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу, көктөндүрүү, бак-дарактардын аянттарын көбөйтүү максатында жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий