• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Чаткал районунда азык-түлүк продукцияларына мониторинг жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Чаткал районунда азык-түлүк продукцияларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүгө Чаткал районунун жетекчилиги, облустук монополияга каршы мекемеси, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы, райондук салык кызматынын жана Каныш-Кыя, Чаткал айыл аймактарынын башчыларынан жана жооптуу кызматкерлеринен турган топ катышты.

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев башында турган топ райондогу бир топ соода-сатык жайларын кыдырышты.

Иштин жүрүшүндө соода-сатык жайларындагы айрым азык-түлүк продукцияларынын аталыштары, сорттору жана баалары жазылган кагаздар жок экендиги белгилүү болду жана бул маселени чечүү тууралуу эскертилди.

Мындан сырткары, жооптуу кызматкерлер тарабынан азык-түлүк продукцияларына болгон бааларды ыксыз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жетекчилер тобу бир топ күйүүчү-майлоочу май саткан жайларда да болуп, ишкерлерге жогорудагыдай талаптар коюлуп, аларга эскертүүлөр жана сунуштар берилди.

Пикир

Оставить комментарий