• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендеги чек арада жайгашкан Самаркандек айылында жаңы оорукана курулду

Аймак 0

Бишкек, 29.11.23./Кабар/. Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы оорукана курулду. Жакында пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында президенттин жеке колдоосу менен курулган.

75 орунга ылайыкташтырылган оорукананын курулушу толугу менен президенттин фондунан каржыланып, жалпы 100,56 млн сом жумшалды.

Учурда курулуш толугу менен аяктап, керектүү эмеректери менен да камсыздалган.

Бүгүн облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев жаңыдан курулган оорукананын имаратынан кабар алышты.

Пикир

Оставить комментарий