• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй райондук милициясы тарабынан алдын алуу иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен мал уурулукту алдын алдын алуу иш-чараларды жүргүзүштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдын алуу иш-чарада милиция кызматкерлери район аймагындагы мал базарларды кыдырышып, малдарга тагылуучу биркалары, эн тамгалары жок малдардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан сырткары милиция кызматкерлери Чүй районунун айылдарын кыдырып, жарандар менен жолугушуулар уюштурулуп, кылмыштуулукту жана мал уурулуктарын алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Жолугушуу учурунда жарандарга кылмыштуулукту алдын алууга багытталган баракчалар таркатылды.

Жогорудагы иш-чаралар мал уурулуктарына бөгөт коюуга багытталып, Чүй облусунун аймагында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий