• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында Ош шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо жана тийиштүү иштерди алып баруу максатында тийиштүү жумушчу тобунун отуруму болуп өттү.

Жыйынды Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев алып барып, анын алкагында «2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө» токтомуна ылайык даярдалган презентация көрсөтүлүп, келечекте Ош шаарынын аймагын кеңейтип, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу менен шаардын калкын 1 миллион адамдан ашыруу максаты негиз болгону айтылды.

Аны менен катар жаңы аймактарда бир катар ири инвестициялык долбоорлор сунушталды:

- 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган “Ош Сити” акылдуу шаарын куруу;

- Шаардын түндүк-батыш тарабына өнөр жай-соода зонасын куруу;

- Шаар аймагына жаңы кичи райондорун куруу;

- Шаардын түндүк тарабындагы 32 га жер тилкесине чыгыш стилиндеги муниципалдык базарды куруу.

Аталган долбоорлордун негизинде жыйында бир катар сунуш, ой-пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрдү. Соңунда жумушчу топко идеялык сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий