• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда 6 айда 21,8 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Жарым жылда Жалал-Абад облусу боюнча 21 млрд 897 млн 300 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жалпы көрсөткүчтүн 114,3 пайызын түзгөн. Мында аймактагы өнөр жайынын негизги төрт багыты боюнча өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр 100 пайызга жогорулаган. Алардан, тоо-кен тармагында 11 млрд 18 млн сомдон ашуун продукция, нефти жана жаратылыш газын өндүрүү 2023-жылдын январь-июнь айында 4 млрд 394 млн 300 миң сомду түзүп, көлөм индекси 106,3 пайызды түзгөн.

Алты айда нефтини өндүрүү көлөмү 141,6 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1 миң тоннага көп өндүрүлгөн. Ошол эле учурда көмүр казып алуу тармагында 115 миң 944 тонна көмүр өндүрүлүп, пайыздык чен 108,6га жеткен. Жарым жылда облустун кайра иштетүү тармагында 4 млрд 51 млн сомдук продукция даярдалган. Бул коюлган планга карата 144,1 пайызга аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий