• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто майыптыгы бар жарандар арасында спорттук мелдештер өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21./Кабар/. Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин спорт мектебинде түштүк аймагы боюнча майыптыгы бар жарандар арасында спорттук мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чарага шаардын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышты.

Ал эми турнирге Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Ош шаарынан 150дөн ашык адам катышты, алар футбол, шахмат, таш көтөрүү, кол күрөш жана аркан тартыш боюнча мелдешишти.

Турнирдин жеңүүчүлөрү дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Командалык мелдеште жеңүүчүлөрү: Аркан тартыш боюнча: 1-орун - Ош шаарынын командасы, 2-орун - Баткен облусунун командасы, 3-орун - Кара -Суу шаарынын командасы ээледи.

Ал эми футбол боюнча 1-орун - Ош шаарынын командасы, 2-орун - Аксы, 3-орун - Өзгөн командасы алды.

Пикир

Оставить комментарий