• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто ири өлчөмдө баңгизат саткан жаранга карата издөө жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматы ири өлчөмдө баңгизат саткан жаранга издөө жарыялайт.

Милициянын маалыматына ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматы баӊгизаттарын ири көлөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз сактоо, ташуу жана сатып өткөрүүгө шектүү Ош облусунун Өзгөн районунда туулган, убактылуу Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айылында жашаган 1987-жылы туулган Калыков Гүлжигит Абдыкааровичке издөө жарыялайт.

Ал КР Кылмыш кодексинин 282-беренесинин алкагында козголгон козголгон кылмыш иши боюнча тергөөгө келбей, Ош шаардык соту тарабынан үй камагына 22-апрелде чыгып, ошол бойдон изин жашырып кеткен.

Бою 170-175 см, арык чырай, өзгөчө белгилери жок.

"Жогорудагылардын негизинде издөөдө жүргөн Гүлжигит Абдыкаарович Калыков тууралуу кандайдыр бир маалыматтарыӊыз болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө 0557-78-01-79, 0700-45-89-89, 03222-4-82-82 телефон номерлери аркылуу кабар берип коюушуӊуздарды суранабыз. Жашыруун сыр сакталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий