• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто "Биз баарыбыз бирдейбиз" аттуу кайрымдуулук өнөктүгү өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.03.24. /Кабар/. Ош шаарында “Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу Даун синдрому, майыптыгы бар балдарга арналган кайрымдуулук өнөктүгү өттү.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, ага Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, майыптыгы бар балдар жана ата-энелер катышты.

Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэринин атынан ыйык Орозо айында ушундай иш-чара уюштурулуп жатканына ыраазычылык билдирип, Ош шаарынын мэриясы ар дайым майыптыгы бар балдарды коргоого, аларга ар тараптан жардам көрсөтүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин белгилеп, балдардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көмөк көрсөткөн ар бир адамга жакшылыктарды, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында майыптыгы бар балдар үчүн оюн-зоок, концерт уюштурулуп, белектер берилди. Ошондой эле кайрымдуулук акциянын уюштуруучусу "Алтын Алакан" ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Жогорку Кеңештин жана Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий