• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандыктардын барымтага алынышы боюнча кылмыш иши козголду

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандыктардын барымтага алынышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

“Кечээ Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жарандар өткөрүлүп берилген. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, толук кандуу иштер жүрүүдө”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 1-майда Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий