• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга арабалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Баткен облусунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 10 жаранга “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан арабалар тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Жаныбек Жалаловдун аталган фонддун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында 10 адамдын муктаждыгы жеңилдеди.

Ыйгарым укуктуу өкүл фонддун жетекчилигине колдоо үчүн, ошондой эле облустун бир катар социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, облуста жалпы 20 миң 894 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Алардын ичинен жыл сайын муктаждарга, мамлекет тарабынан акысыз майып арабалары берилип келет.

Пикир

Оставить комментарий