• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайыл районунда милициянын көчмө кабылдамасы тынымсыз иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Жайыл районунда милициянын көчмө кабылдамасы тынымсыз иш алып барууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамасынын графигине ылайык Жайыл районунун бардык айылдарында профилактикалык, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

2022-жылдын башынан бери Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тарабынан жергиликтүү тургундар менен 100дөн ашык профилактикалык жана түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп, 150дөн ашык эскертүүлөр берилип, 5тен ашык жаранга жеринде юридикалык кеп-кеңештер берилген.

Бүгүнкү күндө Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 24төн ашык кызматкер милициянын көчмө кабыл алуу пункттарына тартылып, белгиленген график боюнча иш алып барууда.

Мындан ары да жарандардын арыз-даттанууларына, кайрылууларына ыкчам чара көрүү максатында Чүй облусунун бардык аймагында милициянын көчмө кабыл алуу пункттары тынымсыз иш алып барышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий