• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарынга дрон чыгарган завод курулат

Аймак 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин “Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форумунда энергетика жана тоо-кен тармактарында 1 млрд 151 млн доллар суммасындагы 7 документке кол коюлду.

Алардын ичинде президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытай Эл Республикасынын Zhongtian Zhicontrol Technology Holding Co., Ltd. Компаниясынын ортосунда Нарынга дронду курап чыгаруучу завод куруу боюнча меморандум түзүлдү.

Бул боюнча президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун аракети менен буга чейин бир нече жолу сүйлөшүүлөр жүргөн. Завод жакынкы күндөрдө курулаары пландалууда.

Бул иш “Нарын эркин экономикалык аймагы” менен “Кашгар комплекстүү боналык зонасынын” ортосундагы “Эки өлкө, эки парк” кызматташуу демилгесинин алкагында ишке ашат.

Пикир

Оставить комментарий