• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жазгы талаа жумуштары. Дыйкандарды кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Жыл башында министрлер кабинети “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорун бекиткен. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоорду кредитөөнүн көлөмү 5 млрд сомду түзөт. Каржылоо “Айыл Банк” жана “РСК Банк” мамлекеттик банктары аркылуу жүргүзүлөт.

Кредиттик каражаттарды алуу шарттары жөнүндө кененирээк маалыматты жогоруда аталган коммерциялык банктардын республиканын аймактарында жайгашкан филиалдарынан жана өкүлчүлүктөрүнөн алууга болот.

Долбоордун максаты - айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий