• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ландшафттарды калыбына келтирүү. КР менен Дүйнөлүк банк $52,4 млн макулдашууга кол койду

Экономика 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бүгүн Дүйнөлүк банк тарабынан жалпы суммасы 52,4 млн АКШ доллар түзгөн "Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

КР министрлер кабинетинин атынан макулдашууга финансы министри Алмаз Бакетаев, ал эми Дүйнөлүк банкы тарабынан Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова кол коюшту.

Долбоор селдердин жана мөңгүлөрдүн жашоо каражаттарына жана жердин азайышына кыска мөөнөттүү узак мөөнөттүү таасирин азайтуу максатында натыйжалуу жана туруктуу мониторинг жүргүзүүгө багытталат.

Ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча долбоор климаттын өзгөрүшүнүн табигый кырсыктарга тийгизген таасирин азайтууга, селден жана суу ташкындарынан экономикалык жоготууларды кыскартууга жана аялуу жамааттардын туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле 9 миң 500дөн ашык короо-жайлар, 2 754 кожолук, 7 828 га айыл чарба жерлери жана көптөгөн социалдык объекттерди коргоого мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий