• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада эл аралык ири туристтик кѳргѳзмѳ-жарманке өтөт

Экономика 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 13-майда Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык ири туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкеси өтөт. Анын алкагында 2023-жылкы жайкы туристтик сезондун ачылышы болот.

Туризм департаменти кабарлагандай, иш-чаранын алкагында Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" комплексинде туристтик компаниялар, пансионаттар, конок үйлөрү жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар өз товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныштырышат.

Ошондой эле коноктор этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер класстарына катышып, маданий программаны көрө алышат.

Көргөзмө-жарманкенин максаты – өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

IITF 2023 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Пикир

Оставить комментарий