• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Улуттук банкы Microsoft Windows`ко сомдун белгисин киргизди

Экономика 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Улуттук банк Кыргызстандын улуттук валютасынын графикалык символу – сом белгиси Unicode (Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм) стандартына киргизди.

Улуттук банкттан билдиришкендей, сомдун графикалык белгиси Microsoft Windows 11 версиясынан баштап (анын ичинде Microsoft Office жана операциялык системанын курамына киргизилген бардык Microsoft стандарттык продукттары, же Microsoft Windows 11 операциялык системасында кошумча орнотулган камсыздоо программалары) Microsoft Windows операциялык системасына жана андан ары кийинки чыгарылыштагы бардык камсыздоо программаларына киргизилген.

Сом белгисинин графикалык символун экранга чыгаруу үчүн тил панелинин параметрлеринен кыргыз тилин тандап, клавиатурадагы «оң Alt+9» айкалышын колдонуу керек.

* Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинин графикалык символунун сүрөтү – сом белгиси.

Пикир

Оставить комментарий