• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу

Экономика 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда акча жана валюта рынокторундагы абал салыштырмалуу туруктуу сакталып турат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга Улуттук банк тарабынан өз учурунда тиешелүү чаралар көрүлгөндүгү себеп болгондугу айтылат.

"Мында бул сегменттерде, бүтүндөй финансы рыноктогудай эле белгилүү бир өзгөрүлмөлүүлүк сакталып калууда. Бул, эң оболу, өлкө экономикасынын ачыктыгы жана көлөмүнүн чакандыгы, соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз байланышта болгондугу менен шартталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде калтырды. Чечим 2022-жылдын 26-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий