• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 6 млн калкка 4,7 млн электрондук капчык ачылган

Экономика 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 6 млн калкка 4,7 млн электрондук капчык ачылган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Улуттук банк төлөм системаларынын иштешинин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо, төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жаңы санариптик финансылык технологияларды өнүктүрүүгө күчүн жумшоодо.

“Ошондой эле аймактарда калктын төлөм кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүргүздүк. Алсак, POS-терминалдардын жана банкоматтардын санын көбөйттүк. 6 миллиондук өлкөбүздө 4 миллион 700 миңден ашык электрондук капчыктар ачылганын да белгилеп кетүүнү маанилүү деп эсептейм”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий