• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: 370 миңден ашык салык төлөөчү салык декларациясын тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 18-марына карата 370 миң 110 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын 363 миң 95и электрондук түрдө тапшырууну туура көрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Тапшыргандардын ичинен 32 миң 812 юридикалык жактар, 76 миң 41 жеке ишкер, 209 миң 515 жеке жак, ошондой эле 51 миң 742 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салык декларацияны кийинкиге калтырбастан мөөнөтүнөн мурда тапшырууга чакырат.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин БСДны юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Ал эми 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:
– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
– мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий