• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бүгүнкү күндө 500 баш кой Өзбекстанга экспорттолду - "Кыргызленд" ассоциациясы

Экономика 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 500 баш кой Өзбекстанга экспорттолду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Кыргызленд" экспортчулар жана импортчулар кыргыз ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен 8 миң баш кой экспорттоо боюнча кол коюлган.

"Биз, Кыргызстан койду экспорттоо боюнча иштерди жаңы баштадык. Буга чейин Казакстан Өзбекстанга экспорттоо боюнча инвестицияны өз карамагына алып алган", - дейт Ниязбекова.

"Жаш кайрат агро" компаниясынын директору Жоробек Нуралиевдин айтымында, Өзбекстандын бийлиги ар бир жаранга мал чарбасын көбөйтүү максатында төмөнкү пайызда кредит берүүдө.

"Өзбекстан айыл чарба менен алектенип жаткан ар бир жаранга, дыйканга 30 млн сум өлчөмүндө (болжол менен 3 миң доллар) төмөнкү пайыздагы кредиттерди берип жатат. Кыргызстандан экспорттолгон койлорду ошол кредит алган жарандарга чарбасын көбөйтүү максатында берилүүдө", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий