• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык тармакта кызматташуу талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов менен Түркиянын соода министри Рухсар Пекжан жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер эки тараптуу соода жана инвестиция тармагындагы кызматташууну талкуулашты, деп билдирет КР экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Алсак, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү сунушу айтылган. Кыргызстан менен Түркиянын экономика ведомство башчылары жумушчу орундарды түзүү, эки тараптуу товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча жол картасын иштеп чыгуу, эки жактуу кызматташууну көзөмөлдөө максатында жооптуу кызматкерлерди аныктоо боюнча бир катар чечимдерди кабыл алышкан.

Андан тышкары, Түркияга экспортко кете турган атамекендик товарлардын тизмесин түрүү тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко тапшырмалар берилди.

Ошондой эле тараптар кызматташуунун көйгөйлүү маселелерин талкуулашып, алардын чечүү жолдорун иштеп чыгуу боюнча макулдашкан.

Пикир

Оставить комментарий