• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылдын I кварталында салык жана камсыздандыруудан 54,5 млрд сом жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 12.04.23./Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын биринчи кварталында 54,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Анын айтымында, пландык көрсөткүчтөр 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 8 млрд сом көп чогулду.

“Анын ичинде бюджетке салыктар боюнча 40 млрд сом, камсыздардыруу төгүмдөрү 14,5 млрд сом чегерилди. Пландын ашыгы менен аткарылышына башкарууну жакшыртуу, “СМАРТ-салым” долбоорунун алкагында электрондук коштомо кагаздарды жана контрольдук-кассалык машиналарды киргизүү оң таасир этти”, - деди ал.

Кыдыргычов белгилегендей, быйыл Мамлекеттик салык кызматына 250 млрд сом чогултуу планы коюлду. Анын ичинен салыктар боюнча 196 млрд сом, камсыздандыруу төгүмдөрү 54 млрд сом бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий