• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эсепке алуунун автоматташтырылган системасы контрафакттык товарлардын санын кыскартууга жардам берет

Экономика 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Эсепке алуунун автоматташтырылган системасы контрафакттык товар, анын ичинде күйүүчү майлардын да санын кыскартууга жардам берет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Улукбек Самыйбеков билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-январынан тартып мунай заттары үчүн эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү каралган. Кабыл алынган токтомго ылайык, КРнын аймагына мунай заттарын алып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатылышына көзөмөлдү күчөтүү үчүн жаңы талаптар белгиленген.

"Мунай зат базасы же резевуарларга ээ болуу же башка мыйзамдуу негиздери болуу шарты менен гана майларды дүңүнөн сатууга болот. Ал эми чекене сатуу көзөмөл-касса машинасы, жабдыктары жана мунай заттын автоматташтырылган электрондук тутуму бар май куюучу жайларда гана жүргүзүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий