• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министри Амангелдиев БУУнун КРдагы туруктуу координатору менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Кристин Антже Грейв менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы жана келечектеги кызматташуунун маселелерин, анын ичинде 2023-2027-жылдарга Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуунун Алкактык программасын ишке ашыруу пландарын талкуулашты.

Өз кезегинде, министр КР министрлер кабинетинин 2023-жылга карата иш-чаралар планы бекитилгенин, бул пландын иш-чаралары улуттук экономиканы чыңдоого жана «жашыл экономиканы» өнүктүрүүгө багытталганын маалымдады.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы боюнча пикир алмашып, ТӨМдүн (Туруктуу Өнүгүү Максаттары) негизги маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде, БУУ тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Грейв улуттук максаттарга жетүүдөгү КР Экономика жана коммерция министрлигинин ролун жана ишин жогору баалап, бардык аспектилер жагынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде биргелешкен долбоорлордун алкагында активдештирүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий