• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

МСКнын коллегиясы. Акылбек Жапаров 4 жетекчини кызматтан алууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынынын жыйынтыгы менен иштеги начар көрсөткүчү үчүн республиканын аймактарындагы салык кызматынын 4 башкармалыктарынын жетекчилерин кызматтан алуу сунушун берди.

Кызматтан алуу керек болгон тизмеге Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларынын жана Токтогул, Ысык-Ата райондорунун салык кызматы башкармалыктарынын жетекчилери кирди.

Кызматынан төмөндөтүү үчүн Токмок шаардык, Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Түп, Москва, Манас, Алай, Өзгөн, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун салык кызматы башкармалыктарынын башчылары сунушталды.

Белгиленгендей, министрлер кабинетинин башчысы Москва райондук салык кызматы башкармалыгынын жетекчисин ал жалгыз аял болгондуктан кызматтан төмөндөтпөөнү суранып, катуу сөгүш берүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий