• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИӨБнын эсебинен Кыргызстан 21 тез жардам унаасын алды

Коом 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Бишкектин Эски аянтында бүгүн, 27-январда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) эсебинен сатылып алынган "Соболь" үлгүсүндөгү 21 тез жардам унаасын тапшыруу заеми болду.

Бөлүштүрүү планына ылайык, Баткен облусундагы саламаттык сактоо мекемелерине - 9, Чүй облусундагы медициналык мекемелерге - 6, Талас облусуна - 2 тез жардам унаасы, Нарын облусуна - 3 жана Жалал-Абад облусуна бир тез жардам унаасы берилет.

Эске сала кетсек, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 66 тез жардам унаасы тапшырылган. Буга чейин 9 автоунаа Ысык-Көл облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына тапшырылса, 26 унаа Ош облусуна, ал эми Жалал-Абад облусуна 10 тез жардам унаасы берилген.

Пикир

Оставить комментарий