• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин 6-кичирайонундагы батирдин курулушу. Вицэ-мэр жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Бишкектин жер саясаты, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу кичи стадиондун ордуна көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча 6-кичирайондун жашоочулары менен жолугушту.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жергиликтүү тургундар менен жолугушууда вице-мэр маселени мыйзамга ылайык чечүү керектигин белгиледи.

"Жыйынтыгында Азамат Сагындык уулу тиешелүү шаардык кызматтарга материалдарды деталдуу текшерип чыгууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууга “BSK Capital Group” компаниясынын өкүлү Эрлан Солтонбеков дагы катышты.

Эскерте кетсек, “Кабар” агенттигинин редакциясына 6-кичирайонунун жашоочулары балдар ойногон кичи стадиондун ордуна көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча көйгөйдү чагылдырып берүүгө жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Алардын маалыматына ылайык, компания курулуш техникаларын алып келип, №13,14,15 жана 16 үйлөрдүн ортосунда курулуш иштерин баштоого ниеттенүүдө.

Бул үйлөрдүн жашоочулары аталган курулушка каршы митингге чыгышкан.

Көп өтпөй Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыров курулуш иштери токтотулганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий