• 88.68
  • 95
  • 0.95

6-кичирайондогу стадиондун ордуна курулуп баштаган үйдүн курулушу токтотулду – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Бишкектеги 6-кирирайондогу кичи стадиондун ордуна курулуп баштаган көп кабаттуу үйдүн курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Мындан мурда “Кабар” агенттиги Бишкек шаарынын 6-кичирайонунун жашоочулары балдар ойногон кичи стадиондун ордуна көп кабаттуу уйдүн курулушуна каршы митингге чыгышкан. Алардын маалыматы боюнча, компания курулуш техникаларын алып келип, №13,14,15 жана 16 үйлөрдүн ортосунда курулуш иштерин баштоого ниеттенишкен.

Андан кийин мэрия аталган маселени тактай турганын убада кылган. Муниципалитеттин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, курулушка зарыл болгон бардык документтерди сурашкан.

Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыровдун айтымында, азыркы учурда курулуш иштери токтотулду.

“Документке ылайык, аталган жер тилкеси 2011-жылы 49 жылга ижарага берилген. Курулуш долбоору бардык экспертизадан өтүп, КРнын Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги менен макулдашылган. Ага карабастан биз иштин бардык жагдайлары такталганга чейин курулуш иштерин токтотууну сурандык. Биз зарыл болгон бардык документтерди чогултуп, аныктайбыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий