• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Россиянын агартуу министрлеринин орун басарлары кызматташтыкты талкуулашты

Билим 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-мартта, Кыргыз Республикасынын бирим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Дмитрий Глушконун жолугушуусу болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда бул иш-чара ушул жылдын 25-февралында болуп өткөн Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын жыйынтыктары боюнча өткөрүлүп жатканы белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулардын билим алуусунун сапатын арттырууга, ошондой эле окутуучулардын окуу предметтери боюнча квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзө турган билим берүү жаатындагы биргелешкен иш-аракеттердин актуалдуу багыттары талкууланды.

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн Кыргызстандын мектептери менен өнөктөштүк байланыштардын Россия Федерациясы тарабынан жакшыртылышынын зарылчылыгы белгиленди. Тараптар бул багыттагы ишти улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, ушул тапта Ош шаарында россиялык мектептерден келген 29 орус тили мугалими эмгектенүүдө.

“Мурда Россиянын кийинчерээк кыргыз тилине которула турган табигый-илимий жана физика-математика багытындагы предметтер боюнча билим берүү платформаларын ыктымалдуу пайдалануу тууралуу маселе талкууланган. Бул маселеде биз белгилүү бир макулдашууларга жетишебиз деп ойлойм”, – деди Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Н. Жусупбекова.

Министрлердин орун басарлары эки өлкөнүн Билим берүү академияларынын ортосундагы Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын (анын алкагында предметтик стандарттар, СТЕМ программаларын ишке ашырууга багытталган окуу программалары түзүлөт) иштеп чыгуу жаатында кызматташуу маселесин да талкуулашты.

Жолугушууда мектептерди курууга да көңүл бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий