• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда маршруткадан капчык уурдаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Жалал-Абадда маршруткадан капчык уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 49 жаштагы Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылып, өз арызында 2021-жылдын 7-март күнү маршруткада бараткан учурда 8 миң сомго жакын акчасы бар капчыгын белгисиз адам уурдап алгандыгын билдирген.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренеси (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул окуяга байланыштуу шектүүнү кармап, жоопкерчиликке тартуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ош облусунун Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну М.С. кармалып, жанынан өзгөчө кескин жыты бар 37 грамм (гашиш) баңзизатына окшош зат табылып алынган.

М.С. тергөөнүн жүрүшүндө жасаган ишин толугу менен мойнуна алып, 2021-жылдын 7-март күнү саат 10:00 чамасында жеке иштери менен Өзгөндөн Жалал-Абад шаарына келгендигин, ооруканада жаткан таанышынан кабар алуу үчүн 16:00 чамасында маршруткага чыккандыгын билдирген. Маршруткада жүргүнчү болуп бараткан аялдын сумкасынан капчыгы көрүнүп тургандыгын, капчыкты эч кимге байкатпай алып, үстүндө кийип жүргөн кийиминин чөнтөгүнө салып, маршруткадан ошол замат түшүп калгандыгын айткан. Капчыктын ичинде 7 миң сомго жакын акча болгондугун, акчасын алып, капчыктын өзүн таштанды таштоочу урнага ыргытып салгандыгын билдирген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий