• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку сот Садыр Жапаровдун өкүмүн жокко чыгарып, ишти Башкы прокуратурага жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Жогорку сот Садыр Жапаровдун ишин Башкы прокуратурага сотко чейинки өндүрүшкө жөнөттү.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ Жогорку сот өзүнүн чечими менен Биринчи май райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун, Жогорку соттун 2019-жылдан баштап жаңы жагдайларды кароо боюнча чечимин жокко чыгарып, ишти сотко чейинки өндүрүшкө Башкы прокуратурага жөнөттү.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарынын "Достук" мейманканасында өткөн кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кылып шайлаган. Садыр Жапаров 2013-жылы Каракол шаарында митинг уюштуруп, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алгандыгы үчүн 2018-жылы 11,5 жылга кесилген. Күн мурун аны митингчилер түрмөдөн бошоткон.

Пикир

Оставить комментарий