• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 06.09.17 /Кабар/. Логвиненко көчөсүнүн жарымы жылуулук түйүндөрү оңдоо иштерине байланыштуу унаа жүрүү үчүн жабык болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан кабарлашкандай, 6-сентябрдан тарта Логвиненко көчөсүнөн Киев жана Токтогул көчөлөрүнө чейин жабык болот.

Ремонт иштерин “Сантехма” ААК кызматкерлери жүргүзүүдө.

Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий