• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто тажик жараны 5 кг апийим менен кармалды

Аймак 0

Бишкек, 06.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда күн мурун 47 жаштагы Тажикстандын жараны 5 кг баңги заты менен кармалган.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Х.С аттуу жаран 4-сентябрда кармалган. Милиция кызматкерлери тинтүү учурунда коробканын ичинде катылган 5 кг апийимди таап чыгышкан.

Учурда бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 247-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу–кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий