• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

С. Жапаров көпчүлүк коалициясы тарабынан премьерлик кызматка гана көрсөтүлдү

Саясат 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы Мыктыбек Абдылдаев парламенттин кезексиз жыйыны аяктагандан кийин Садыр Жапаров көпчүлүк коалициясы тарабынан премьер-министрлик кызматка гана көрсөтүлгөнүн билдирди.

Ал түшүндүргөндөй, эми ал парламенттин Конституциялык комитетине өкмөттүн түзүмүн жана курамын көрсөтүшү керек. Талапкердин докладын комитет жактыргандан кийин парламент анын талапкерлигин, программасын, өкмөттүн түзүмүн жана курамын карап чыгат. Депутаттардын көпчүлүгү көрсөтүлгөн талапкерди жактыргандан кийин Кыргызстанда жаңы өкмөт башчы пайда болду деп айтууга болот.

Пикир

Оставить комментарий