• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР мамлекет башчысынын Кытайга болчу сапарынан көп нерсе күтүлүүдө – элчи

Саясат 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында КР президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына (КЭР) мамлекеттик сапары болот.

Кытайдын КРдеги элчиси Сяо Цинхуа билдиргендей, Кыргызстандын мамлекет башчысынын алдыда боло турган сапарынан көп нерселер күтүлүүдө, бүгүнкү күндө лидерлердин жолугушуусу үчүн эки өлкө тең жигердүү даярданууда.

“Лидерлер ортосундагы жолугушуунун мааниси чоң. Бул биринчи жолугушуу. Биздин саясий ишенимдин деңгээли абдан жогору, бул бардык маселенин өзөгү болуп саналат жана аны колдонуу керек”,-деп билдирди элчи.

Ал маалымдагандай, эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында кызматташуу жаатындагы бир катар келишимдерге кол коюу күтүлүүдө. Учурда алардын тизмеси толукталып жана иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий