• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орунтаев республикалык сертификациялоо борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториялык ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган борбордун лабораториясында курулуш материалдарынын, бетондун, асфальттын сапаты текшерилип, тийиштүү уруксаат кагаздары берилет.

Эскерте кетсек, бул лаборатория өлкө боюнча асфальттын курамын текшерип, анын белгиленген нормага ылайыктуу экенин аныктаган жалгыз лаборатория болуп эсептелинет.

Пикир

Оставить комментарий