• 88.68
  • 95
  • 0.95

Курманкул Зулушев менен Корея элчиси корей жарандарына укуктук жардам көрсөтүүнү талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта КР Башкы прокурору Курманкул Зулушев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ мырза менен жолугушту. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Зулушев элчини расмий дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун катышуучулары Кореянын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы маселелерди талкуулашты. Ошондой эле укуктук жардам көрсөтүү тармагында кылмышкерлерди жоопко тартуу үчүн өткөрүп берүүгө да көнүл бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелерде кызматташтыкты өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгилешип, аны мындан ары да чыңдоо ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий