• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү колдоо. Бишкекте семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бишкекте турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык колдоо боюнча семинар өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, семинарда оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу социалдык колдоо боюнча секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүү сыяктуу маселелер каралды.

Ага саламаттык сактоо, билим берүү, укук коргоо, социалдык коргоо, бейөкмөт уюмдарынын адистери катышты.

Белгилей кетсек, семинарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий