• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жол кырсыгына себепкер болгон жөө жүргүнчүлөр жоопко тартылат - Разаков

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жол кырсыгына себепкер болгон жөө жүргүнчүлөрүнө кылмыш иши ачылат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынынан соң журналисттерге Жеңиш Разаков билдирди.

“Биз жолдо жүрүүнүн эрежесин бузуп, ал транспорт кырсыгына алып келген жөө жүргүнчүлөрдү жоопкерчиликке тартуу механизмдерин иштеп чыгууну пландап жатабыз. Анда кырсыкка себепкер болгон жүргүнчүлөрдү административдик эле эмес кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралат. Ошондой эле, андан келтирилген зыян үчүн материалдык чыгым талап кылынат”,-деп билдирди Разаков.

Мындан тышкары ал жөө жүргүнчүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ченемдик-укук актылары иштелип чыгарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий