• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев Европа Бирлигинин Борбордук Азия жана Афганистан боюнча атайын өкүлдөрү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала жана Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын, ошондой эле эки тараптуу жана аймактык күн тартибинин алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев Европа Бирлигинин жогорку өкүлдөрүн күн мурун, 14-февралда Бишкек шаарында өткөн Афганистан боюнча Борбордук Азия жана Европа Бирлигинин атайын өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады, ошондой эле Афганистан жана коопсуздук маселелери боюнча мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Борбордук Азия жана Афганистан аймагында тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий