• 88.68
  • 95
  • 0.95

Елена Конева: «Бала – бул бүтүндөй Аалам. Атүгүл бир эле бала айыкса, демек бардык аракет текке кеткен жок»

Коом 0

Быйыл онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жардам берген «Help the Children - SKD» фонду түзүлгөндүгүнүн 17 жылдыгын белгилейт. Ушул убакыт ичинде миӊдеген кичинекей бейтаптарга 222 млн сомго жакын суммадагы жардам берилген. Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө биз фонддун ишмердүүлүгү, адам өмүрлөрүн сактоо боюнча соопчулук миссиясы жана бактылуу окуялар жөнүндө уюмдун жетекчиси Елена Конева менен баарлаштык.

Керемет чындыкка айланганда

Кыргызстандын эӊ улуу кайрымдуулук уюмдарынын бири, кандын рагы менен ооруган уулунун жашоосу үчүн күрөшкөн эненин жеке окуясынан улам түзүлүп калган. Руслан Коневге 15 жашында лейкоздун сейрек формасын коюшкан. Атүгүл лейкемия менен күрөшүүгө адистешкен Мюнстер клиникасы дагы мындай ооруга биринчи жолу туш болгон. Аны эксперименталдык протокол боюнча дарылашкан, ал эми биринчи бейтап айыккандан кийин ал ыкманы ушундай бейтаптарды дарылоого негиз кылып алышты. Бул укмуш эмей эмне?

Немис дарыгерлеринин, Англиялык донордун жана ишенимдин жардамы менен чоӊ салгылашууну жеӊген Елена Конева бүткүл өмүрүн онкологиялык жана гематологиялык ооруларга туш болгон балдардын өмүрүн сактоого арнаган. «Help the Children - SKD» фонду чет өлкөдө дарылоо жана татаал операцияларды жасатуу үчүн акча чогултат, үч профилдик клиниканы колдойт, дарылоо мекемелерин медициналык жабдуу жана эмеректер менен жабдыйт, кымбат дары-дармектерди, кан заттарын, оюнчуктар менен азык-түлүк сатып алат.

Башка маанилүү багыт – балдарга жана алардын жакындарын психологиялык жардам берүү. Психологдр менен иштешүү, «Доктор Клоун» менен күлкү терапиясы, пайдалуу белектерге жана балдар кубанычына толгон «Жагымдуу белек» - чоӊ кишилер балдардын жашоосун ар түркүн түстүү кылууга аракет кылган ушул жана башка кызыктуу иш-чаралар бейтап балдарга жашоо үчүн күрөшүүгө кошумча күч берет.

Былтыр балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүндө 150 бейтап дарыланып жаткан Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун көчө мейкиндиги ушундай түстөргө боёлду. Мурда атүгүл отургуч да болбогон 500 чарчы метр жерге меценаттардын жана өнөктөштөрдүн жардамы менен фонд 3,3 млн сомго инклюзивдик оюн аянтчасын курду. Буга балдар абдан бактылуу болушту!

Ар бир салым баалуу

— Елена, фонддун тарыхы кандай ийгиликтүү окуяларга бай?

— Биздин бүткүл иштеген мезгилдеги жетишкендигибиз – 55 өмүрдү сактап калуу жана 43 миӊ балага жардам берүү болуп калды. Өзүнчө долбоорлор жөнүндө сөз кылсак, анын ичинде – «Алакандагы дүйнө балдардын көзү менен» эӊ кызыктуу долбоор болуп калды. Балдар кагазга алакан тартышты жана ар бир манжага каалоолорун жазышты. Сиздер ал жактан кадимкидей акыркы моделдеги гаджеттер же оюн буюмдары жөнүндө өтүнүчтү көрбөйсүз. Биздин камкордуктагы балдар «оорукана курууну», «айыгууну», «атасын кучактоону» кыялданышат. Акция Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмө менен аяктады, ал жерде сүрөттөрдү сатып алууга жана ошондой жол менен жалпы ишке салым кошууга мүмкүн болду.

— Быйыл фонд өзүнүн 17 жылдыгын белгилейт. Кимдир бирөөлөрдүн көз жашын, жоготуусун жана коркууларын көрүү, өзүӊдөн өткөрүү моралдык жактан оор болсо керек. Буга туруштук берүү үчүн бир нече жылдан бери күч-кубатты кайдан аласыз?

— Эӊ мыкты «терапия» - бул ыраазылык сөзүн жана ооруну жеӊген биздин балдардын тарыхын угуу. Мисалы бул Ангелина Гаранинанын окуясы. Кызга 12 жашында «сандын саркомасы» деген диагноз коюшуп, жыйынтыгында бир бутун кесишкен. Бирок буга карабай мектепти алтын медаль менен аяктады жана модель боло алды. Биздин дагы балабыз Саагалы Италиядан жүлүнүн трансплантациялоону башынан кечирди. Ал ошол жактан өзүнө донор болгон болочок аялы менен таанышты. Кийин балдар үйлөндү жана азыр бир кызды тарбиялап жатышат. Ооруну Дастан Алымбеков да жеӊди. Ал бүгүнкү күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды колдоо боюнча фонд ачты. Мындай окуялар – биздин эмгек үчүн мыкты сыйлык. Албетте кайгылуу тагдырлар да көп. «Оорулуу балдар абдан көп. Баары бир баарына жардам бере албайсыӊ», - деп мага айтышат. Бирок ар бир бала – бүтүндөй Аалам. Атүгүл бирөө эле айыкса, демек бардык аракеттер текке кеткен жок.

— Адам өмүрүн сактап калуу маселесинде ар бир жардам маанилүү жана абдан зарыл. Бул иште сиздерди колдогон кайрымдуулар жөнүндө айтып берсеӊиз?

— Менин жолумда жакшылык үчүн жаралган, жүрөгү менен сезе билген жана жардам берүүгө даяр адамдардын көп жолукканына абдан кубанам. Көпчүлүгү менен жакын болуп калган себептүү үй-бүлөлөрүбүз менен достошобуз. «Ар бир салым баалуу», - деп айткандай чарчабайм. Кимдир бирөөгө 500 сом берүү 500 доллар кайрымдуулук кылганга тете болот. Андыктан биз материалдык жана материалдык эмес бардык жардамдарга ыраазыбыз. 11-15 жыл бою бүткүл ишмердүүлүк жылдарында биз менен дээрлик бир катарда жүргөн көптөн берки өнөктөштөрдүн үзгүлтүксүз колдоосуна, ошондой эле жаӊы досторубузга рахмат айтабыз. Биз былтыр Яндекс Go социалдык программасынын катышуучусу болдук жана азыр балдар жана фондун кызматкерлери акысыз такси кызматын колдонуп жатабыз. Жети айдын ичинде бизге 200 миӊ сомдон ашык каражат бөлүштү, дагы 150 миӊ сомду фонду «Кеӊ пейил ноябрь» акциясынын жыйынтыгы боюнча алдык. Бул иммунитети алсыз болгондуктан коомдук транспортто жүрө албаган биздин балдар үчүн эӊ сонун жана үзгүлтүксүз жардам.

— Ушул күнү кыргызстандыктарга кандай сөздөр менен кайрылат элеӊиз?

— Балдар эч качан оорубай, ата-энелер алар менен чогуу өткөргөн ар бир көз ирмемди баалап, жалпы эс алуу үчүн дайыма убакыт табышын каалайм. Башка бирөөлөрдүн кайгысына кайдыгер карабаган, кайрымдуулук фонддоруна жана колдоого муктаж бардык адамдарга жардамын берген жана колдоосун улантып жаткан адамдардын баарына ыраазылык билдиргим келет.

Маанилүү!

Биздин балдарга кантип жардам бере алабыз

  • Электрондук капчыктар: Эльсом, О!Деньги, Мбанк: 0 509 103 103 номерине.⠀
  • Халык Банк – э/э 1250230025510053
  • Финка Банк – э/э 1380003001008744
  • KICB – э/э 1280016002042770
  • Оптима Банк – мультивалютный э/э 1090820123290140
  • Банк Компаньон – э/э 1130011000209096
  • Керемет Банк – э/э 1360023000523193

Пикир

Оставить комментарий