• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Санариптик өнүктүрүү министри Google компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын Дубайга болгон жумушчу сапарынын алкагында Google компаниясынын Борбор Азия, Кавказ чөлкөмүндөгү, Россия жана Молдовагы мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташуу боюнча башчысы Ольга Скороходова менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө багытталган диалогду жана биргелешкен аракеттерди бекемдөө боюнча потенциалдык багыттарды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий